жаадай
- Жаа сыяктуу арык, иймейген.
- Субагай, ич жагы кабырыңкы (көбүнчө чабылуучу, таптаган жылкыга карата).
- Дого формасында, иймекей тарткан ийилиңки.
- Өтө тез, учкул, ылдам, атылгандай тез.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жагалмайды Калдык кан / Жазбай таанып билгени, / Минген аты Эликсур, / Атын атып жиберди, / Жебенин огу жеткени, / Кулак түптүн безине, / Жебенин огу мылк деди, / Жаадай учкан Эликсур, / Бутадай учуп кетти эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн кишинин, / Жаны турбай ордунда, / Аралап өтө бергенде, / Жаныбарым кеңкула, / Жаадай учуп зыркырап, / Кагнаттуудай дыркырап, / Беттеп сайып бешөөнү, / Качырбай сайып жетөөнү, / Он экини сайды эле, / Карап турган коросон, / Эс- акылдан тайды эле…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Буруттун малын ал дешип, / Абылтай деген бар эле, / Жетимиште чагы эле, / Карылыкка жөлөнүп, / Жаадай бойу бүгүлүп, / От жанында олтурчу, / Сакалына түкүрүп, / Алты ай жатты былк этпей, / Азабын айтып кыңк этпей, / Абылтайды өлүмгө, / Калмактын эли баалаптыр, / Барбы жокпу Абылтай, / Эсепке муну албаптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муруту чыгып келе аткан, / Керилген жаадай улан көп, / Атка бергис кунан көп, / Кызга бергис жубан көп, / Жасалгалуу үйү көп, / Салтанаттын түрү көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жагалданып Телкүрөң, / Жаңыдан кызып алыптыр, / Жаадай сызып калыптыр, / Жарым күн кеткен Куткарбас, / Караандаш жете барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →