дөөлөт

китептерде 26 жолу, 10 китепте
  1. эск. Мамлекет, бийлик.
  2. Даража, мансап, урмат, сый.
  3. Байлык, мал-мүлк, жетиштүүлүк, молдук.
  4. Бакыт, таалай, жыргал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айрыкча качат дөөлөт-бак, / Агып жүргөн кептерди, / Кулак төшөп тыңдасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
— деп, / Алдыртан кабар алыптыр, / Бакдөөлөттүн үч уулу, / Аркасында калыптыр, / Улуусунун бели бош, / Кичүүсү чыйрак окшонот, / Ырыскан, Дөөлөт деп койгон, / Атасынын ордуна, / Элин сурап ээ болгон, / Бакдөөлттөн канча өөдө, / Бели катуу эр болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Атайлап киши чаптырдык, / Арналуу кептен айттырдык: / “Улук болсо Куткарбас, / Сөзгө келсин ушул чак, / Куткарбаска теңелип, / Кол салбайбыз биздин жак, / Ирегелеш эл туруп, / Кол салышсак ушинтип, / Бизден качат дөөлөт-бак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ “Ынтымак, дөөлөт - бир тууган”, / Бузулбаса ынтымак, / Дөөлөттү бузуп ким кууган? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Дөөлөт-бак деген Кызайдын жанына түшүп, көлдөн ала чыккан бир аз ууктарды жерге сайып жиберип, алачык жасап алдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →