дөөдүр
- Келесоо, макоо чалыш, маанисиз сүйлөгөн, келжирек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Башкарып жүргөн төөсүндө, / Манжулардын Дөөдүр алп, / Баш кишиси дагы бар, / Көзкамандын Көкчөкөз, / Алооке төөсүн жетелеп, / Арасында бу да бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карап туруп Дөөдүр алп, / Ошондо турду кеп сурап: / — Ким болосуң, эки уул?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дөөдүр өлдү туу белде, / Чогулуп дайны чыкпаган, / Төөнүн саны миң эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өзү манжу эл эле, / Дөөдүр менен бир элден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →