дөө
- Жомоктордо кезигүүчү кадыресе кишилерге окшобогон зор, алп денелүү адам.
- өт. Бою бийик, албеттүү киши, балбан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Чаң көрүндү өзөндөн, / Көптүгү кара кумурска, / Жан көрүндү өзөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрүндү өзөндөн, / Калкты бийлеп башкарган, / Хан көрүндү өзөндөн, / Сардар болуп журт билген, / Зал көрүндү ө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөөнү баш кылып, / Албаганы жок экен, / Уруудан чыккан эр экен, / Ойротто мындай жок экен, / Азыркысын Кененим, / Жайнап жаткан чок экен, / Катылышкан ошого, / Капташкан эрдин шору экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жамгырчы менен Балта дөө, / “Сынчыдан миң ат өлдү деп, / Хан Алмамбет баашабыз, / Каарлап алып кетти деп” / Калгандардан угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / У…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Төлгө кылып Каныкей, / Дөө Кошойдун Тайтору / Чапканынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →