дөң

китептерде 46 жолу, 8 китепте
  1. Тегиздиктен бир канча бийигирээк көтөрүлүп, үйүп койгон сыяктуу дөмпөйүп турган жер, жондонуп турган дөбө, дөбөчө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тажиктердин ичинде, / Күпүлдөгөн Көкбөрү, / Көрсөтөмүн өнөр деп, / Дүпүлдөгөн Көкбөрү, / Дөнөгө айткан кеп менен, / Бөлүнүп элден жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…п Манасты, / Ошолорго байлатып, / Карматып аны алууга, / Акыл ойлоп Коңурбай, / Алгарага ишенип, / Итжүрбөс чөлдү бет алып, / Эр Манасты четке алып, / Ой менен дөңдү ылгабай, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Качып берди калдаңдап, / Өңүрү кетти далбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайраты артык Карадөө, / Чукул кирип келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок, / Жалтанып калаар пейли жок, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чыгарбайын айбыңды, / Көрүп келдим кечээ мен, / Бука мойун, дөң маңдай, / Кыска мойун тулга баш, / Эки айактуу кара баш, / Мурун алган зайбыңды, / Көрүп келдим кечээ мен, / Эр Көкчө улуу Үмөтөй, / Калмак менен Кытайдан, / Кайнап чыккан эр экен, / Кара кулак шер экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →