дөнөн
- диал. Бышты.
- Айрым малдардын үч жаштан төрт жашка караганын билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кетирбейин дегеле” / Аңгычакты болбоду, / Мыктысып Дөнө келди эле, / Өзү ооп түшөт, деп, / Карап турган кеп эле, / Айнектей көзү чачырап, / Ачуусуна чыдабай, / Дөнөнүн тиши качырап: / — Чын ачуум келди, Дөнө мен, / Өлөсүң Асыл эми сен, / Найзага илип көтөрүп, / Алып кетем сени мен!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Катын-кызга эп келди, / Ак чатырын бүктөшүп, / Ак дөнөнгө жүктөшүп, / Көк чатырын бүктөшүп, / Көк дөнөнгө жүктөшүп, / Кол чатырды колго алып, / Коногуна жорго алып, / Түштүгүнө бээ алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ак эрмен куурай ойдо бар, / Ак дөнөн ирик койдо бар, / Алдында күткөн багы жок, / Мендей бир шордуу кайда бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →