дөбөт

китептерде 49 жолу, 9 китепте
  1. Иттин, карышкырдын эркеги.
  2. өт. Зулумдук, зөөкүрлүк көрсөтүүчү, бирөөлөргө, бирөөнүн айдаганына көнүп зомбулук кылуучуларга ж.б. карата тилдөө иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тумшуктан атты алчудай, / Жолун тосуп көп дөбөт, / Куйругуна сүйрөлүп, / Кырк элүүчө ит жүрөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өңдөрү баары окшошкон, / Үч бөлүнүп топтошкон, / Талаадан каман келатса, / Биздин Талас жеринен, / Бир дөбөт барып жол кошкон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кайра басып керилип, / Коңшуларын келтирип, / Ажыбай кул келе атат, / Ардактап атын албаңар, / Камап барса көп дөбөт, / Чык деп айтып салбаңар, / Талаага чыгып бирөөңөр, / Таңыркап карап калбаңар, / Албагансып теңдике, / Тескери кеткин барыңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карган дөбөт Тапан хан, / Карыган канчык шумпайга, / Каткан кан эрип агылды, / Карашы кандай сонун, деп, / Караанына жалынды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Капаланып Канчоро, / Акыйа тиктеп ошондо: / — Кабаган канчык, дөбөттөр, / Келипсиңер короого, / Ийиле турган жерим жок, / Ийне-жипче мен болсо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →