дөбөдөй

китептерде 28 жолу, 7 китепте
  1. Даңкайган чоң, зор.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара курттай көп аскер, / Каптап кетти сабалап, / Жалгыз башы Матандын, / Көпчүлүктү аралап, / Сарыкер аты шаңданып, / Чанданын сайын чаңдантып, / Дөбөдөй нечен Таңгытты, / Жол бойуна дардайтып, / Этек-жеңин жайылтып, / Аттан чыгып далдайтып, / Тоңкочуктап канчасы, / Мурундарын барбайтып, / Жыгылып-кооп жаткан ба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Балтасы аттын башындай, / Көк дөбөдөй эр болсо, / Күрөшүп жүрчү жашынбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Экинин бири энтеңдеп, / Эми келди дектеңдеп, / Ачып көрдөн алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тообу десе, дөбөдөй, / Дөбөбү — деп караса, / Каңгайдан чыккан төрөдөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Таштар кулап калдырап, / Тообу десе дөбөдөй, / Дөбөбү деп караса, / Адамдан чыккан төрөдөй, / Ачып колун кармады, / Аты менен Сомбилек, / Эки тайган кошулуп, / Уучуна толо албады, / Өзүн көрдү Сомбилек, / Түздө туруп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →