дүү

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Дуулдаган шаңдуулук, дуу, дүң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ыркка карк толуп, / Кырк көөкөр арак бүт ичип, / Калыбек чочко мас болуп, / Ат току, деп күпүлдөп, / Көрсөтөм, деп дүпүлдөп, / Жигиттери жүгүрүп, / Жаны калбай дүүлдөп, / Найзанын үнү угулуп, / Бастырганда Бадырек, / Чагылган күндөй күркүрөп, / Өскөн жыгач, чыккан чөп, / Айбатынан дүрүлдөп, / Титирек кирип жаткан жер, / Токто… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таарынса кийин көрөрбүз, / Буга кабар бербейли,- / — Ырас айтат Үрбү,-деп, / Бир Кошойдон башкасы, / Баары кетти дүүлдөп, / Кошой калды ошондо, / Сакалын сылап күбүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдымда Буурул атым жок, / Алладан башка дартым жок, / Абайлабай өткөрдүм, / Атаңдын көрү дүүйө бок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айран калды көпчүлүк, / Айбатына дүүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айбатынан жүдөшүп, / Арак ичип мас болуп, / Олтурушкан дүүлдөшүп, / Корккондун масы жоголду, / Бала баатыр келди, деп, / Барлык элге чуу болду, / Ачып көздү жумгунча, / Шаар ичине дуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →