дүңкүлдө

китептерде 22 жолу, 6 китепте
  1. Дүңк-дүңк этүү.
  2. өт. Атагы, кабары кеңири тароо, даңкы катуу таралуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каңгайлардын Саранжа, / Кажылдаган калмактар, / Чыгып келди дүркүрөп, / Шириден кылган доолбас, / Үн алышып дүңкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ылдап, / Айбаты элди коркутуп, / Тармалкөк менен булкунтуп, / Алы келбей оозуна, / Алоолонтуп жулкунтуп, / Кутурган иттей арсылдап, / Азуулары карсылдап, / Жер дүңкүлдөп дабырты, / Жетип келди чукулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мылтыктан түтүн бур деди, / Жер дүңкүлдөп шуу деди, / Түтүн менен жалпы эл, / Кош жаңырык чур деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…н көрдүм бул жерде: / Итжүрбөстөн чөлү деп, / Чөлдү көрдүм бул жерде: / Тапан хандын алдында, / Теректей бойу сүлкүлдөп, / Арышын кере басканда, / Жер силкинип дүңкүлдөп, / Эрди көрдүм бул элде: / Токойго киши киргизбей, / Кара кулак кабышкан, / Шерди көрдүм бул жерде, / Куйруктары чолтойгон, / Жондору дүмдүк томпойгон, / Пилди… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жер солкулдап дүңкүлдөп, / Там кыймылдап сүлкүлдөп, / Жер чайкалат экен, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →