дүңгүрө
- Дүңгүр-дүнгүр этүү, даңгырдүңгүр этүү, кош жаңырык болуу, жаңырыктоо.
- Дуу-дуу болуу, атак-даңкы чыгуу, шаттануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көкбөрү жуткуч жол баштап, / Хан Каракөз кол айдап, / Жер сойулуп дүңгүрөп, / Байрактары желбиреп, / Коросон, испан, тажиктин, / Чамалаш тили бир экен, / Баарысынын үстүндө, / Көкбөрүсү пил экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Керней-сурнай тарткыла, / Чыңбоорду аткыла, / Дүңгүрөтүп шаарды, / Доолбасты каккыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чокмордун күүсү күркүрөп, / Үн чыгып жерден дүңгүрөп, / Тапактын эли жагынан, / Айгай чыкты дүркүрөп, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жерге кирди сүлкүлдөп, / Чойтолоң менен Тазкара, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Ыйлап турат Конушбай, / Эчкирчүдөй бүкүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Калдуубет, / Таңгыт менен моңгулду, / Шибе, солон, манжуну, / Кара кытай, анжуну, / Катары менен алдады, / Калдуубеттин кебине, / Алданып булар калганы, / Жер дүңгүрөп көпчүлүк, / Кылбаганы калбады, / Жети улук эли чогулуп, / Жаныңда турган иниңе, / Алы келе албады, / Колдоду мени кар кылбай, / Айкөл атам арбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл "жоо келе жатабы" деп качат экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →