дүң2
- Жалпы, бүт бойдон, чогуу, бүткүл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жүз отуз миң үй саны, / Дүңгүгөн казак элим бар, / Мал-пул сурап жүрбөймүн, / Эминеден кебим бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элимден азып келгели, / Залалым сага тийбеди, / Алты жүз эле жылкыңыз, / Азыр алты миң болду, / Айтылып элге дүң болду: / Коңгуроолуу кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мөкүбалду найза алды, / Күүлөнгөн найза күркүрөп, / Эпкини менен найзанын, / Жердин бети дүңкүрөп, / Кой күрөң менен каргытып, / Койуп барат Сейитек, / Баатырдын уулу жалгызың, / Кутургурду теңсинбейт, / Кутургундун ойунда, / Сенден артык эрмин, — дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Семетейди өлтүрүп, / Айчурөктү күн, кылып, / Канчоро менен Чачыкей, / Хан, ханышай болууга, / Атак, даңкын дүң кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →