дүрүйө
- Эки бети бирдей жибек кездеме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ургаачынын уздарын, / Баарын кыргыз алыптыр, / Кандагай, олпок, ырапыс, / Катындардан калыптыр, / Пулу оор карала, / Букардан чыккан дүрүйө, / Арууке жасап салыптыр, / Каныкей жасап ак калпак, / Элге атак калыптыр, / Көтөлөк атын которуп, / Талас атын койголу, / Жерге атак калыптыр: / Коңурбай кели…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дүрүйө, буулум мындан көп, / Карала көп, шайы көп, / Манат, макмал жана көп, / Кара малын колбутуп, / Айдап алып нетемин, / Кара мал айдап калдайтып, / Кай муратка жетемин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дүрүйө көйнөк шоодурап, / Караса көзү жоодурап, / Аркардай басып чойулуп, / Алагар көзү койулуп, / Агеркеч жетип артынан, / Буларды айтып таңшыган: / — Ач арстан, жолборстой, / Атка минип алыпсыз, / Арзан жумуш болбостой, / Айрылыш жолго салыпсыз, / Атадан бала таранчу, / Ардыгып кайда баруучу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…у жигит, / Кашына Манас чакырып, / Чоң куржунун ачтырып, / Кырк миң кызыл алтынды, / Кымбаты үчүн чачтырып, / Бедерлүү тонун кийгизип, / Кан экенин билгизип, / Дүрүйө менен карала, / Түрлөнгөн бойун кийгизип, / Такасы карыш нөкөрү, / Айагына илгизип, / Арстан Манас баатырдын, / Кызматы артык сезилди, / Булардын баарын көргөн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аз эмес дүйнө - мал-пулуң, / Адам атын билгисиз, / Дүрүйө, буулум, дуудунуң, / Алтын менен жык болгон, / Асыл кайыш куржунуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →