дүрмөт
- Атуу үчүн ылайыкталып, тиешелүү өлчөмдөгү ок дары кошулуп, атууга даярдалып коюлган ок, кубур.
- өт. Шык берүүчү кубат, демилге көтөрүүчү сезим, күч, кайрат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кебелип койбойт кенедей, / Солк этип койбойт Кененим, / Чымын чаккан немедей, / «Аткан ок тийбей калды, деп, / Эми дүрмөт салгыча, / Келип калса Кененим, / Өпкө, боор, жүрөгүм, / Өлтүрбөй сууруп алды» деп, / Камына минип атына, / Кылчайбастан артына, / Коктукат көздөй зуулдап, / Жөнөдү качып шашыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айалдабай баарыңар, / Мылтыкка дүрмөт салыңар, / Милтенин күлү болбосун, / От албай мылтык калбасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алмабашты колго алып, / Ишине дүрмөт ок салып, / Милтеге кызыл чок салып, / Ооз отунун дарыга, / Кызыл милте чок жетти, / Алмабаштан ок кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…де, / Тили жок такыр сүйлөргө, / Ичи ачынды бул элге, / Алмамбеттин алма баш, / Жулуп алды ийнинен, / Алмамбеттин иштерин, / Алладан башка ким билген, / Ичинде дүрмөт-огу бар, / Милтеде кызыл чогу бар, / Милтесинен чок жетти, / Атылып мылтык ок кетти, / Шоркөлдүн ичи сок этти, / Тактасында Тапан хан, / Жүрөгү ыргып болк этти, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыйкырышып чуу салып, / Куру дүрмөт урушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →