дүрдүк

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. Жапырт дүргүү, жалпы дүрбөп жөнөө, күргүчтөй дүрбөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арка жагын карабай, / Качты баары дүрдүгүп, / Баш аламан чуулдап, / Кетип барат сүрдүгүп, / Аркадан чаңы түрүлүп, / Күрөгөндөй сүрүлүп, / Коросон, испан, жедигер, / Тажик менен калмакка, / Качып барып б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ошой көздөй жөлөнүп, / Таң атып чыкты аңгыча, / Аркасынан сүрүлүп, / Жылдыздын баары жымыңдап, / Кыбыла көздөй сүрдүгүп, / Жандын баары кыбырап, / Жабыла чыкты дүрдүгүп, / Чыгыш жактан кызарып, / Мунарыгы арылып, / Күн көрүндү жаркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ордуңду басып олтурбай, / Обдулуп баарың жайнайсың, / Жин тийгендей дүрдүгүп, / Ары жоктор кандайсың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Пилди айдап дүркүтүп, / Куткарбастын аскери, / Пилден качып үркүшүп, / Салтка сайган байракка, / Баары келди дүрдүгүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Дүрдүгүп катуу жүрүштү, / Хандары айткан жумушту, / Бүтүрө коймок ойунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →