дүрбөөн

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Дүрбөлөң.
  2. Тополоң түшүргөн чабуул, бүлгүн түшүргөн кол салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…чачын түйүнүп, / Тумтуйта туулга кийинип, / Медеркандын Ак болот, / Ач билекке илинип, / Ургаачы жолборс экенин, / Каңгайларга билдирип, / Алты күнү түнүндө, / Дүрбөөн салып, эл кырып, / Алаштап ураан чакырып, / Катуу тийет каңгайга, / Бет келген жактан качырып, / Катуу тийип жапырып, / Таң агарган мезгилде, / Чыга берет шашы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ач кыйкырык-куу сүрөөн, / Олку-солку чоң дүрбөөн: / Мылтыктын үнү тарсылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Иттери үрүп арсылдап, / Кескелдирик, сары арыс, / “Келгин бери”, дегенсип, / Кишини карап кырсылдап, / Т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айылчылап барсаң, ал эркиң, / Абийирин бирөөн ачам деп, / Ат бастырып барбагын, / Бүгүн-эртең басам, деп, / Ашыгып дүрбөөн салбаймын, / Өзү эле келет тийишип, / Өкүмсүп жүргөн калмагың, / Сайып алган Көңтөйдөн, / Бүлдүргө тыйын албадым, / Катышып калса кол салып, / Айанып тура алба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Атын уксаң мамындай: / Караногой Мажиги, / Камбардын уулу Чалиги; / Кайгуул, Бөкүл, Торолчу, / Кабарга кыйын болуучу; / Шыңгынын уулу Кербени, / Шыптуу кашка дүрбөөнү; / Саргыл аттуу Затайы, / Ал жандардын Атайы; / Үйшүндөрдүн Үмөтү, / Үмөтаалы Жайсаңы; / Бообек, Шаабек, Шүкүрү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →