дүрбө
- Опур-топур болуп шашуу, топураган абалда болуу, тополоң түшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Батай, Катай – экөө тең, / Чигитейге куугандай, / Аркасынан жөнөдү, / Менден мурун бул алса, / Жаман аттуу болом, деп, / Кыйар кытай жөнөдү, / Дөрбөн, Отор туралбай, / Дүрбөп калбай жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ыйлабагын, деп айтты, / Ким экенин билем, деп, / Жоодар чалың баратты, / Баары турду дүрбөшүп, / Көрө сала караанды, / Көк темир кийген кеп айтты: / — Ким болосуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оогандыктын эр Сыргак, / Тор салар шайын калтырбай, / Сайып кирди жүдөтүп, / Жолборс көргөн маралдай, / Качып берди дүрбөшүп, / Кылчайып артын карабай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрүнөө болуп нишарат, / Ордого келди дүрбөшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Дүрбөп тышка чыксак орусча кийинген, салбыратып чач койгон он тогуз куракта бир ак куба жаш бала турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →