дүрбү1
- Алыс нерселерди жакын кылып көрсөтүүчү оптикалык прибор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Белге чыгып элейип, / Шаңда туруп сербейип, / Этегин шамал чойгулап, / Капшыты көөп делдейип, / Дүрбүнү алып колуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Белден дүрбү саламын, / Жерин чендеп аламын, / Азы-көбү испандын, / Элин чендеп аламын, / Күндүн мурду тийерде, / Кайта келе калармын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Камбыл баатыр Карадөө, / Токой деген баланы, / Жолдош кылып алганы, / Бөлүнүп элден калганы, / Кайыпчынын кырынан, / Дүрбү салып карады, / Туш-тушка көзүн салганы, / Көрүндү көзгө өндүрдөн, / Бир топ жандын карааны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Дүрбүсүн колго алыптыр, / Туш-тушка көзүн салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →