дүр-дүйнө

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Ар кандай баалуу буюмдар, сонун дүнүйө-мүлк, асыл байлыктар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жайылган малдан зары көп, / Алтыны көп, күмүш көп, / Дүр-дүйнөсү андан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ар уруудан тогуздап, / Айтпаганы калбаптыр, / Айагына келгенде, / Адамдан сулуу кыз жазган, / Оймоктуудан уз жазган, / Жазылып чери кетер деп, / Дүр-дүйнөнү көп жазган, / Жатаарга дейре бүтүрүп, / Хан Кошойго күтүнүп, / Жаш Айдарды кийгизип, / Мааникерди мингизип, / Минип барчуу атыны, / Жазып келген катыны, / Алып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жетимиш нарга жүктөтүп, / Кызыл алтын дүр-дүйнө, / Жаптырып койдургам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →