дүр1
- Оттун дүрт эте тез тутангандыгын, кыймыл-аракеттин күтпөгөн жерден бат же жапырт болушун билдирүүдө колдонулат.
- Дүркүрөгөн, күрүлдөгөн дабышты билдирүүдө колдонулат.
- Дүүлүккөн сезимдин пайда болушун билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кокүн сунган найзанын, / Үнү күндөй күркүрөп, / Көрүп туруп Конушбай, / Сийдиги агып дүркүрөп, / Кара жерди чаң кылып, / Качырганын ар качан, / Алып көргөн кар кылып, / Адатымча кыргызды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
- / Деп күүлөнүп күжүлдөп, / Көк камандай күркүрөп, / Айжаңжүндөн кайраты, / Артылып ачуу айбаты, / Алтымыш миң аскерин, / Дүркүрөтүп айдадаы: / Барабан уруп, баң тартып, / Көчөнүн ичин чаң басып, / Олчойуп жөнөп калган кез, / Айжаңжүн кошо аттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркар карап, мал карап, / Бир дөбөдө отурсам, / Дүркүрөп чыкты бир топ жан, / Арбын мал бар айдаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— / Деп, ошентип күркүрөп, / Канчорону көргөндө, / Жедигер эли дүркүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошентип туруп, көрбөй калыпмын, менин ылдый жагымдагы каптал менен, жүзгө жакын козу дүркүрөп агып, төмөн карай кирип бараткан экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →