дүнүйө
- Адам турмушуна керектүү болгон мүлк, байлык, байлыкты түзүүчү ар кандай нерселердин жалпы наамы, жыйындысы.
- сүйл. Дүйнө, жер жүзү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дүнүйөмдү таштап бул жерге, / Катын башым эр эмес, / Кеталбадым түн катып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Боз улан, сулуу кыз албай, / Болушунча пул албай, / Буркутуп айдап мал албай, / Ала берсе арбын мал, / Эсине түшсө ушул эл, / Жамбашынан таш өтүп, / Калат экен жаталбай, / Дүнүйө мүлкүн албады, / Каратилге сөз берип, / Дөрбөн менен Отордун, / Хан көтөрдү ордуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дүнүйөнүн бурчуна, / Кеңкула менен оң тартып, / Таласты карай жол тартып, / Эрте басып, кеч жатып, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынып, / Ат айабай келатып, / Ачамай айры бир жолдон, / Туйактын ойгон жеринен, / Көлчөк болуп суу толгон, / Ат изин көрдү Кененим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бала жерге түшкөндө, / Жарк эткенсип дүнүйө, / Чөйрөдөгү турганга, / Укмуш болду көрүнөө:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— Дүнүйөгө көз тойбогон ач көз байлар, демейде кедейге бир тайдын күчүн берчү эмес эле, эми кантип жаны калып жатат экен?!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →