дүмөк

китептерде 30 жолу, 7 китепте
  1. Коркутуу, жүрөк заада кылуу, опуза, кырсык, балаа, коркунучтуу абал.
  2. Талашка түшкөн нерсе.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Илгертен бери карата, / Моңгул, манжу, кытайдын, / Жүргөн жери бир экен, / Айткан кеби бир экен, / Алтымыш уруу алаш, деп, / Алар менен өмүрү, / Атышып да, чабышып, / Антишип келген кеп экен, / Уктуңбу, баатыр Тобуке, / Же укпадыңбы бул кепти, / Катуу салдың тууганга, / Каңгайга келип дүмөктү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ңдап, / Булчуң эти булчуйуп, / Так кырк күндүк чабышта, / Чалыкпас жайы көрүнөт; / Кара мүртөз кайры жок, / Карамдык жагы көрүнөт; / Көзү чуңкур, дөң маңдай, / Дүмөк далы, кыска бел, / Томолок билек, манжа учтуу, / Кармагандан кан чыкчуу, / Каруусу артык көрүнөт; / Капырай кандай адам, деп, / Бакайдын көөнү бөлүнөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ат минбеген өзү жөө, / Ааламга дүмөк салган дөө, / Жору куйрук кызыл алп, / Андан калган Карадөө, / Атасындай эр эле, / Анын көзү дагы өтүп, / Аркасында саркынды, / Ар өнөргө машың бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чынкожо, Толтой, Семетей, / Талашып жүрүп Чүрөктү, / Кыпкызыл кандын акканы, / Акундун кызы Чүрөк, деп, / Ар качан салат дүмөк, деп, / Ошол кеп элдин айтканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Канчоро анда күүлөнүп, / Каныкейге сүйлөнүп: / «Карыганча какжаңдап, / Калбады сенин дүмөгүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →