дүмүр

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Кесилген дарактын, өсүмдүктүн же башка нерселердин ордунда калган тамырлуу түбү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колдоочум айтты мага, деп, / Кызылкыз үч жыл жатпайбы, / Толтуруп үч жыл убагын, / Чогулушуп баспайбы, / Дүмүрүн уулум казбайбы, / Качкан жоону кубалап, / Катын алат аны деп, / Антип жүрүш кандай кеп? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дүмүрүн казып көрөйүн, / Күркүрөп бирөө кеп айтты, / Баатыр сендей болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаңы ханга сунганы, / Дабытай жазган катынын, / Бир барчасы бар эле, / Аны кошуп берди эле, / Дабытайдын жазган кат: / “Кененим мында келгенде, / Мен барамын Таласка, / Конок кылып кой сойуп, / Чайга кошуп уу куйуп, / Сен жарагын намыска, / Кыргыздын казып дүмүрүн, / Мен турамын Таласта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Будур-будур дүмүр баш, / Буткулда суусу аралаш, / Саздарым, калдың кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…, / Акылы кетет ар кайда, / Эсине алып арбакты, / Айтып турат аларга: / — Түп атам Манас зор өткөн, / Түртүшкөн бенде кор өткөн, / Түртүшүп келген душмандан, / Дүмүрүн казып түгөткөн, / Айкөл атам Манастай, / Ааламда качан эр өткөн? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →