дүмпүй
- Дүңкүйүп караандуу болуп көрүнүү, чоң, дүгдүрөйгөн көрүнүштө болуу.
- Бир аз жондонуп чыгып турган, дөмпөйгөн көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жайылбай аркар адырда, / Козголбой кулжа курбуда, / Текелер түшпөй ташг-ташта, / Эчкилер түшпөй аскада, / Бугунун баары бурууда, / Маралдын баары аралда, / Басып чыкпай талаага, / Камалып турат бадалда, / Куландар ойноп кумдарда, / Бурулкуган чаң чыкпайт, / Үч күндөн бери дүмпүйүп, / Жаркырап тийип күн чыкпайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күмбөздөй болуп дүмпүйүп, / Майданга Гүлүс турганда, / Жубатайга Гүлүстөн, / Көз жиберип калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →