дүлөй
- Кулагы укпаган, керең.
- өт. Тыптынч, жымжырт, тынч мемиреген абал.
- Жылкынын жүрөгүндө болуучу анча чоң эмес эт сыяктуу бөлүгү (элдик ишеним боюнча мындай бөлүктүн жоктугу жылкынын болжолсуз күлүктүгүн билдирет).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жалпы баарың жүргүн, деп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Барабан үнү зыңкылдап, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бата берип дүркүрөп, / Баарысы туруп калды эми, / Бастырганда баатырдын, / Байанын айтам угуп ал, / Кулагыңды салбасаң, / Дүлөй болуп өзүң кал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мындан ары барганда, / Утур чыккан адамга, / Сөз сүйлөбөс дудук бол, / Кулагың укпас дүлөй бол, / Ушундай шумдук кылбасак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →