дүкүй

китептерде 10 жолу, 3 китепте
  1. Дүпүйүп калың көрүнүү, барпайып бараандуу көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…бар, / Өңөргөн койдой кашы бар, / Жылкычынын отоосу, / Жолум үйдөй башы бар, / Эки бети болтогой, / Эки даңгыт тойгондай, / Мойну жоон букуйуп, / Далысы дүмдүк дукуйуп, / Төө кенедей кулагы, / Белгиси турат мулуйуп, / Шишик баскан немедей, / Булчуңдары дулуйуп, / Бели кыска тууралжын, / Уйуткандай тулуйуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күмүшбулак бет алып, / Гүлчоро менен Кутубай, / Далылары дүкүйүп, / Тебетейи тегерек, / Кере карыш төрт эли, / Зампыйышып жөнөдү, / Ошолордон азыраак, / Айталы кепти биз эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир кезде Беккулдун башы айландыбы айтор, кесип бараткан солунун башына жетпей туруп, өңү кубарып мындай чыкты да, дүкүйгөн бир шыраалжындын түбүндөгү көлөкөгө барып, ыкшыйып калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир секиге чыга бергенде, туура маңдайда дүкүйүп турган бир бакты көрсөтүп, Элебес: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бет алганыбыз тээтиги көрүнүп турган кара тоонун алдындагы дүкүйгөн бак. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →