дүгдүй

китептерде 1 жолу
  1. Кабак бүркөп, дүңкүйүп кыр көрсөтүү.
  2. Калың, бараандуу көрүнүү, дүкүйгөн, караандуу көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чатырга түштү дүгдүйүп, / Кан жөткөрүп үшкүрүп, / Улутунуп эстенип, / Ойуна далай кеп келип, / Кыдырата үчөөнү, / Катар тиктеп чекчейип: / — Өз ойумда жүрчү элем, / Эр болбойт деп менчелик. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →