дээр

китептерде 148 жолу, 10 китепте
  1. Акыл, эс, зээн, акыл жөндөмдүүлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чаңбейсендин чыгышы, / Деңиздин бойун жердеген, / Чарба баккан эл экен, / Мурунку жүргөн кишилер, / Качкын кыргыз дээр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жетисууну жердеген, / Наамы кыргыз жедигер, / Жети хандык эл экен, / Түбүндө булар жалгыз хан, / Башчысын багыш дээр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Канча катар тор салды, / Катары менен кыйратып, / Калың жерге жол салды, / Эрегишкен эки эрдин, / Ээ дээрге алын келтирбей, / Элине тирүү кетирбей, / Эбин таап жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элден калган кеп экен, / Ошол чактан ушул чак: / “Канчорону каргайлы, / Жалгыз бейит” дээр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каракан кызы Каныкей, / Катындан чыккан уз эле, / Камка тондун тышы эле, / Ак калпак элге эне эле, / Ак олпок тонго жең эле, / Түркүктөй элге бел эле, / Акылдын чыккан кени эле, / Сүт урган көркоо Канчоро, / Эмчегин эмген дээр эле, / Кадырын суттун кыларбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →