дыңылда
- Дың-дың этүү, зыңылдагандай үн, дабыш чыгаруу.
- Шалдырабай, бошоң болбой калыбына келүү, сергек болуп калуу, тыңып калуу, чыйрак, бышык болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— Карахандын белегин, / Кишиге бербей келгениң, / Аның жакшы, балам, — деп, / Карап калып далайып, / Каргылданып муңайып, / Оң жагына толгонуп, / Ок тийгендей дыңылдап, / Сол жагына толгонуп, / — Кана, бала Абдылдам, / Болбос ишке чарпылып, / Келгенде сенин пейлиң бар, / Түшкө кирсе корккондой, / Калың малдын кеби бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Дыңылдаган чиркейдин үнү кулагынан кетпейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Чиркей токойду кыдырып, бутак, бадалдарды койбой тинтип, дыңылдап аюунун артынан түштү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →