дыңкый
- Дыгдыйып толук көрүнүү, чың көрүнүштө болуу.
- Зыңкыйган, көөп катып калгандай көрүнүштө болуу.
- Менменсинип тоотпогон кебетеде болуу, эч нерсени тоотпоо, капарына албоо, мурдун балта кеспөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ылкыз, / Эч кишиге таанылбай, / Моңгул болуп дулуйуп, / Уссун болуп тулуйуп, / Шибе болуп чулуйуп, / Солон болуп кулуйуп, / Манжу болуп мылжыйып, / Кидан болуп дыңкыйып, / Канча түрдүү кубулуп, / Арасында кеңештин, / Бирге отурган болучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененим деп укканда, / Саргарып өңү бузулуп, / Чечекейдин тамыры, / Кетичүдөй үзүлүп, / Түз карабай шылыйып, / Сүткө тийген күчүктөй, / Жерди тиктеп кылыйып, / Оозу ачылып ырсыйып, / Тышка деми чыгалбай, / Бүткөн бойдо жылуу жок, / Карды көөп дыңкыйып, / Катып калды зыңкыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бир жылдан кийин өтүп бер, / Кек кылгансып дыңкыйбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →