дыңдоок
- сейр. Чыкый сөөгүнүн бир учу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыгылганда Бешкулак, / Туулга баштан кыйшайды, / Айкөл Манас ошондо, / Кулактын үстү - дыңдоокко, / Айбалта менен бир салды, / Башы эки бөлүндү, / Көк чаар мээси көрүндү, / Күркүрөгөн Бешкулак, / Бул дагы тапты өлүмдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты Сейити, / Балта менен дыңдоокко, / Басып өттү Чанакты, / Балтаны тартып алганда, / Жыгылды жерге дүп этип, / Салмагынан Чанактын, / Жер козголду сүлк этип / Минген керки маш экен, / Томураңда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бук болуп калган сойулгур, / Тоңкочуктап ээленсе, / Бүктөй кармап камчыны, / Чокуга тартып ийбесин, / Күүсү жанат күлүктүн, / Кулактын түбү дыңдоокко, / Камчынын учу тийбесин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →