дыркыра
- Дыр-дыр эткен дабыш, үн чыгаруу, дырылдоо.
- Катуу жүрүү, аркыроо, зырылдоо, дыр коё качуу же жүгүрүү, дыргуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кумдай болуп быркырап, / Алдына минген Темиркөк, / Урган таштай дыркырап, / Күүсү менен бул чочко.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн кишинин, / Жаны турбай ордунда, / Аралап өтө бергенде, / Жаныбарым кеңкула, / Жаадай учуп зыркырап, / Кагнаттуудай дыркырап, / Беттеп сайып бешөөнү, / Качырбай сайып жетөөнү, / Он экини сайды эле, / Карап турган коросон, / Эс- акылдан тайды эле,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Деп ойлонуп Ажыбай, / Мазайыл ашып чыкты эле, / Арпанын түзүн басты эле, / Тойун менен түштү эле, / Сөөк менен зыркырап, / Улам күчөп Карткүрөң, / Учкан куштай дыркырап, / Күүгүм кире күн бата, / Эркечтамдын ойуна, / Кан жуугандын бойуна / Салып кирип барды эле, / Эр Төштүктүн айлына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ген Телкүрөң, / Кулжадай башы кылтылдап, / Кундуздай жүнү жылтылдап, / Баладай жалы балкылдап, / Туйагы тийген нечен таш, / Талкаланып быркырап, / Учкан куштай дыркырап, / Урган таштай зыркырап, / Ачып көздү жумгунча, / Кирип келди жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Күйгөндөн баары буркурап, / Жаш агып көздөн дыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →