дым

китептерде 24 жолу, 8 китепте
  1. Жымжырт, тымтырс болгон, дымыган тынчтык, жымжырт абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суулугун чыгарып, / Сууга койду сур атты, / Башын ташка жаздады, / Коңурук тарта баштады, / Алты күнү дым тартпай, / Өлгөндөй уктап жатканы, / Күн жетиге жеткенде, / Көзүн ирмеп ачканы, / Атын кармап минген кез, / Атбашы карай басканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ушул жерде сайдырсам, / Дым чыгарбай бул элди, / Казак талап албайбы, / Олжого кыргыз тынбайбы, / Азап салдым алты жол, / Какан менен Чынмачын, / Укса шылдың кылбайбы, / Баш көтөртпөй муң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чойтолоң айтып токтолду, / Дымбырдым болду турган эл, / Далайга зообан жок болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Түрө тиктеп Айчүрөк, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Семетей менен Чүрөктүн, / Турушуна окшошуп, / Себелеп жамгыр жыбылжып, / Жел жүрбөй дымып токтолуп, / Жердин бети чок болуп, / Тиктеп турган Семетей, / Бут солбуду козголуп, / Хан Бакайды кыйырда, / Айчүрөк күлдү оштонуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Угуп турдуң сен өзүң, / Аргымак менен тайганга, / Айткан менен ант сөзүм, / Жол бер десем үн чыкпай, / Мен жатсам мында дым чыкпай, / Убалы кимге кыргыздын, / Урушса маңгыт тынчытпай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →