душмандык
- Кастык, жоо болгондук, зыян келтирүү жагына, жамандыкка алып баруучу аракеттер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Душмандыгын билгенде, / Нарындагы кыргыздан / Эки киши жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Душмандын малы ар качан, / Душмандыгын кылат деп, / Чакмакташтын тулпарын, / Башын чаап таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– деп ийди, / Эркек бала төрөштүн, / Бирөө да кебин кылбады, / Душмандык кылып киргенин, / Айчүрөк мындан ылгады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…арын бөлөсүң, / Туугандык кылса Семетей, / Урматын анын көрөсүң, / Абама бара калайын, / Айтып кабар салайын, / Туугандык кылса Семетей, / Алып келе калайын, / Душмандык кылса тил албай, / Анда кабар кылайын, / Деп айтканда гүлчоро, / Ач бөрүдөй умтулуп, / Чапанын тетир кымтынып, / Хан Көкчөнү эске алып, / Төрө Үмүтөй үшкүрүп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Душмандыгы болбосо, / Кол жыйабы Ойротуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →