душман
- Кастык мамиледеги адам, касташкан тарап, жоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мааникер менен Аккула, / Жаба токуп минели, / Басып душман кол салса, / Баш тартпастан кирели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Беттешип көрдүм башында, / Белимди такыр сындырдың, / Бежайлык кылып өчөшүп, / Белдүүнүн баарын кыйдырдым, / Душманга салсаң жараймын, / Такалышкан тар жерде, / Ар иштин эбин табамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Душманга барса аттанып, / Сен экөөңдү бел кылды, / Жети хан аргын ногойго, / Сен экөөңдү хан кылды, / Душманыңды кем кылды, / Тууганыңа бел кылды, / Семетей сага, Канчоро, / Кай жеринен тайгылды?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →