дуулда

китептерде 24 жолу, 7 китепте
  1. Бака-шака түшүү, күүлдөө, дуу-дуу эткен үн чыгаруу.
  2. Алоолонуп, дүрүлдөп күйгөн оттун күүлдөгөнү сыяктуу дабыш чыгуу, дүркүрөп күчөө.
  3. Зуулдоо, зымыроо, катуу жүрүү.
  4. Кандайдыр бир таасирден улам ачышып же ысып чыгуу, катуу дүүлүгүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Токтоно албай дуулдап, / Бакырышып бабырып, / Баш аламан чуулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Салмоор менен таш урган, / Жазбай кара башка урган, / Таштын үнү дуулдап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет та… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Селкинчегин тебишип, / Азоону минип түйүлтүп, / Арты-артынан келишип, / Уландар теңге эңишип, / Уул үйлөп, кыз беришип, / Чочок кесип, той берип, / Үлүш болуп дуулдап, / Байге бөлүп кунан чаап, / Мага соогат бергин деп, / Бабырашып чуулдап, / Өлүм болуп аш берип, / Алакан жайып эл келип, / Бештен бөлүп конокту, / Үй башына б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жан-жаныбар мыдырап, / Жолдун бети зуулдап, / Зыркаар жүрүп дуулдап, / Камыштын башы шуулдап, / Чымчыктын баары чулдурап, / Талааны бети закымдап, / Куткарбастын кошуну, / Болуп жаткан ызы-чуу, / Аттуусу атчан, жөөсү жөө, / Майданга карай чубурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…т, кунанын чаптырып, / Балбандары күрөшүп, / Баатырлары сайышып, / Чыккан кунан, чыккан ат, / Чыккан балбан, сайган эр, / Мөөрөйлөрүн алышып, / Көк бөрү тартып дуулдап, / Баш аламан чуулдап, / Бабырашып турганда, / Кернейдин үнү угулуп, / Ызы-чуу болуп калың журт, / Келип калды чогулуп, / Мунаранын башына, / Чыкты Кыйаз чойул… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →