дуула

китептерде 34 жолу, 9 китепте
  1. Жакшы турмушта жашоо, санаасыз, капасыз болуп шаттыкка бөлөнүү, жыргоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хан болуп Тете кубанып, / Кынына батпай дууланып, / Дүркүрөп испан чубашып, / Жедигер менен коросон, / Кошулушту түз барып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Экөөн найза тешпеди, / Акимсиген Чойун алп, / Алдында минген буудандан, / Аңтарылып кеткени, / Жер кучактап жыгылды, / Эр кишидей асыра, / Алдыңда минген атыңды, / Дууланып калган Кеңкула, / Аттай чуркап кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күкүрттөн бетер күч алып, / Күлүп ойнойт экенбиз, / Күндө сайран, күндө той, / Көңүлдү дуулайт экенбиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хан жумшаса калдайып, / Карап Токой турбады, / Чаңчыкпас минип дууланып, / Жаны жыргап кубанып, / Таласты карай жол алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Келген экен алп Коңур, / Баатырларын дуулатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →