дуу
- Күүлдөгөн үн, баш аламан жапырт чыккан дабыш.
- Чыр-чатак, уруш-талаш, согуш.
- Кеп болуп кеткен, кеңири таралган ар кандай сөз, кабар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кешмирге жетип болгончо, / Тоонун бойу бүт кыргыз, / Чекесинен кеп угуп, / Лама качты деп угуп, / Калбай келет чогулуп, / Жер жарылган чуу болуп, / Кан төгүлөт суу болуп, / Жаман атты болобуз, / Калың элге дуу болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Ажыбай дайны дуу болду, / Ал–жай сурап билүүгө, / Ак ордого эл толду, / Күн жабыкка түшкөндө, / Ажыкең чочуп ойгонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан сарайда көрүшүп, / Колдун учун өбүшүп, / Эсен-соосун сурашып, / Олтуруп калды дуулашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айдама кошун, калың кол, / Жабалактап дуу чыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…ойбой, / Унчукпай жатып тим болбой, / Калбай хандар жоголду, / Кызыл кан кечип бул жерде, / Кылымдан ашкан чуу болду, / Кыргыз, калмак – эки урук, / Уккан элге дуу болду, / Чилдей терип кыйратып, / Зоболоңуз зор болду, / Өзүн-өзү зордошуп, / Баатырдын баары жоголду, / Баарысынан артылып, / Багың, баатыр, чоң болду, / Кула…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →