дулдул

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. миф. Чарчап-чаалыкпаган күлүк, талбаган тулпар.
  2. өт. Кайраттуу, чарчабас, чаалыкпас.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрт айактуу жылкыга, / Сарала турат жалбарып, / Түп тамыры дулдулга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калмактан теңдик талашып, / Батышпай келген ал ошол, / Ал Азизхандын Алмамбет, / Аркасында Алмаңдын / Көктеке дулдул ат минген, / Көпкөк темир тон кийген, / Ач айкырык куу сүрөөн, / Бет алган жагы от күйгөн, / Бендеден белдүү эр эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Дулдул мойун Тайбуурул, / Тууган бээнин дайны жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →