дубана

китептерде 21 жолу, 5 китепте
  1. Динге үгүттөө максатында диндик ырларды айтып, кайыр сураган адам, диний көз караштагы адам. Сопулуктун (суфизмдин) бир көрүнүшү.
  2. сүйл. Тилемчи, кайырчы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ки жолборс күркүрөп, / Шамал чыгып артынан, / Жер айрылып дүркүрөп, / Алдында сойлоп ажыдаар, / Түргөн чийдей карааны, / Бармактай кызыл меңи бар, / Кызыл бала дубана, / Суулугунан алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Калды баарын муң басып, / Бир табак алтын алгандар, / Көтөрө албай калгандай, / Калдайган кара тоо басып, / Жетим-жесир карыптар, / Сокур, чолок, майыптар, / Дубана менен эшендер, / Басалбай жаткан кеселдер, / Колу кыска нечендер, / Пул алышып күүлдөшүп, / Күлкүсү батпай ичине, / Күңгүрөнүп күүлдөшүп, / Нары-бери чууруп, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Асынган көлбөр жонунда, / Шалдыркан аса колунда, / Кирип келди аралап, / Кызыл бала дубана. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Дубана келсе бурбаган, / Туруп салам кылбаган, / Кожону көрсө коппогон, / Коп салам кылбаган, / Кожо келсе сай салган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Таяк бутактуу кадимки дубаналардын аса-мусасынын өзү! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →