дубал
- Короо-жайды, имаратты ж.б. тегерете кирпичтен, топурактан ж.б. бийиктей жасалган тосмо, коргон.
- Тамдын, имараттын керегеси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бир бакса салып өндүргөн, / Бир аттатып көндүргөн, / Эки бакса өндүргөн, / Эки аттатып көндүргөн, / Алтымыш бакса дубалдан, / Аттантып аны үйрөткөн, / Жаныбарым Кылжейрен, / Кыйа тартып чуу десем, / Жандоочу деген сепилден, / Кыл тийгизбей секирген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куйруктан түтүн буу чыгып, / Обону карай созулуп, / Күүсүнө чыдап тура албай, / Көөнөргөн дубал-тамдардын, / Канчасы калды бузулуп, / Коргондору бүт элге, / Үйдө-эшикте олтурган, / Талаа-түздө жүргөнгө, / Доошу такыр угулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ «Каран тун башка тушту — деп, / Кара кыргыз калкынан, / Таалайдын кушу учту — деп / Бул арам өлөгөн Канчоро, / Арстандан калган бууданды, / Эмчектеш болгон тууганды, / Салылуу коргон дубалды, / Залкар тоодой буларды, / Салбар чоро кулатты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Дубалга бир кишинин башы жетпей турат эле, жакшы болду, – деп падыша кыз кыздарды ээрчитип чыгат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Тетиги дубал сага окшогон жигиттердин башынан бүткөн, – деп дубалды көрсөтөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →