доңуз
- Жапайы чочко же жалпы эле чочко.
- Он эки мүчөлүү эсебинин эң аяккы жылынын аты.
- Бирөөгө карата тилдөөдө, жаман көргөндүгүн билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Өзөнү кең, жери түз, / Өчүгүшкөн доңузга - / Кол салышсам ушуга, / Өйүз-бүйүз бөксөдө, / Эркин жаткан элдерге, / Эмгеги катуу болот го, / Баш-аламан барсылдак, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Кагышып жарак …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Шамалга учкан камгактай, / Далбаңдаган калмакты, / Тайган кууган кийиктей, / Барбаңдаган калмакты, / Эки этеги жыйылбай, / Салбаңдаган калмакты, / Токойдо жапа доңуздай, / Дардаңдаган калмакты, / Карчыганын балык эт, / Найза менен муштады, / Табарсыкты аралап, / Найзанын учу чыкканы, / Калмакты сайып алганы, / Кара жерди майла…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Тартып алып Манастан, / Тирүү жесир кылам, — дейт / Карманап менен хан Манас, / Экөө экен куда, — дейт, / Кудалыктан экөөнү, / Кыламын такыр жудаа, дейт, / Доңуздан бетер коркулдайт, / Тегеле көңүл тынар сөз кылбайт, / Чалып салар каманбы, / Кетирди маңгыт амалды, / Аттанып жөнөп келемин, / Эр Манаска баргалы, / Жиберди ме…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Менин барар аргам жок, / Бүткөн бойдо дарман жок, / Чама келип чарк жетип, / Жакташып кирип доңузга, / Чабышар чама калган жок, / Эсебин тапчу арамдын, / Шер Сейитек мында жок, / Кара дөөдөн кеп угуп, / Хан Семетей караса, / Айтканы чын, жалган жок, / Карсылд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арам өлгөн бул доңуз, / Арбактуу эрге катышпай, / Аман койо турарбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →