дос
- Достук мамиледе болууга убадалашып, бири-биринен эч нерсе аянышпаган, өз ара алыш-бериш байланыштагы достошкон адамдар, достошкон жолдош.
- Бири-бирине карата кастыгы, душмандыгы жок, жакшы мамиледеги ак ниет, жакын, тилектеш, жолдош.
- Жакшы көңүлдөн кандайдыр бирөөлөргө карата кайрылууда колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачуу - шайтан, акыл - дос, / Акылыңа акыл кош, / Акыл менен кылган иш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атама атаң эмчектеш, / Өзүмө өзүң эмчектеш, / Сүт эмишкен, антташкан, / Тууган бүтпөс, дос бүтпөс.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ортого антын койушуп, / Кудайлык дос болушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Ээ, түлкү дос, өзүмдү-өзүм тиштегендей этим ооруп чыдай албадым, сен кандай амал менен жеп жатасын?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →