доош

китептерде 37 жолу, 7 китепте
  1. Ар кандай дабыш, айырмаланбаган үн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Башы туйук жери кең, / Аккан агын суусу бар, / Таштан ташка урунуп, / Күпүлдөгөн доошу бар, / Айагы кууш аскалуу, / Коо болуптур Бекбача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каныкей басып барганда, / Доошун угуп эр Манас, / Чамасы келе албады, / Мойнун буруп карарга, / Айландыра бир карап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балта менен башка чаап, / Үн угулат бака-бак, / Доошу чыгат жарактын, / Кагылышып чака-чак, / Кулак тунуп мээ кайнайт, / Болуп жатат шака-шак, / Музда келе жаткандай, / Ат дабырты така-так, / Түгөтө кырып болдум, деп, / Эр Сейити караса, / Бири да өлбөң миң киши, / Баары турат сапа-сак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күмбөздөн доош үн чыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ткөндөргө арыз айтып, / Жакасы ылдый жаш чачып, / Сомбилектей жаш айтып, / А капырай бир шумдук, / Тоо дүңгүрөп, суу толкуп, / Замана башка кубулуп, / Айбаттуу доош угулуп, / Күүгүм түшүп келаткан, / Күн тийгендей жаркырап, / Тоонун бети жаркылдап, / Жалама таштар жалтылдап, / Көк мелжиген бийик тоо, / Козголчудай калтылда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →