дооран
- Өлгөн адамды күнөөдөн арылтуу максатында өлүктү коё электе жасалган диндик ырым-жырым жана ошол ырым-жырым үчүн берилүүчү акы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Доораны токсон толуптур, / Жуугандарга тогуздан, / Баарына окшош болуптур, / Ыскат атын токутуп, / Жаназасын окутуп, / Аруулап таза жуудуруп, / Ак кепинге салдырып, / Айак-башын буудуруп, / Жасатын жерге жашырып, / Бүгүн мында түнө деп, / Он кишини жаткырып, / Уктатып койуп Үрбүнү, / Кыркына эли күтүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бар кийимин жыш кылып, / Дооранга токсон кур байлап,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элинде ойноп жүргөндө, / Эркинче дооран сүргөндө, / Дүкөндү жыйды Сарытаз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Дооранга беш жүз сур байлап / Баарын бирдей кур байлап, / Бакайга башын карматып, / Баары журтун жардатып, / Сарамжалын бүт кылып, / Жуугандарга баарсын, / Он бештен кийим жыш кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аркандай жерде бөлүнбөй, / Кеңешти бирге кылалы, / Жакшы-жаман бар иште, / Жан айашпай туралы, / Ойунду ойноп күлөлү, / Бөлүнүшпөй жүрөлү, / Ажал жетип өлгөнчө, / Дооранды бирге сүрөлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →