доомат

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Бирөө тарабынан коюлган милдет, док урунган таарыныч, нааразылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Токойдун барды ичине, / Түк айтпай сырын кишиге, / “Ким кылат мага доомат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калмак Уушаң тың экен, / Караандай доомат чыр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Орто Азийа элиңден, / Ойноп жаткан жериңден, / Ага-ини, курбалдаш, / Айрылып асыл теңиңден, / Түгөнбөс доомат чыр салган, / Тынч жаткан элге ый салган, / Коңурбайдай жоо менен, / Коржоңдошуп көргөлү, / Козголуп келген эл элең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өзүнчө жаткан жай элге, / Карадан доомат док арттың, / Катындардан жеме угуп, / Калган докту сен тарткын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кеңеш салды аларга: / — Кармалдың чоро балаага, / Карандай доомат жалаага, / Жакшылыктын баарысы, / Бекерге кетти талаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →