доолбас
- Тегерек кылып ийилген тактайча алкактын бир бетине көбүнчө төө териси капталып, согушта, аңчылыкта колдонулуучу барабан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ан келген жаш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ол башкарган мыктысын, / Койбой баарын келтирди: / — Тайарлыгың кыл, — деди, / Тайар болуп тур, — деди, / Керней тартып чуу салып, / Сурнайдын үнүн чыгарбай, / Доолбасты урбастан, / Айал кылып турбастан, / Коросонго караган, / Таласты карай бас, — деди, / Ачаканга караган, / Атбашыга түш, — деди, / Чойун алпка караган, / Кең Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ктап, / Айбандан башка көрктөнөт, / Үстүндө минген адамзат, / Колунда алган кушу бар, / Канаттары жаркылдайт, / Учуруп койсо үстүндө, / Тегеренип калкылдайт, / Доолбас уруп какканда, / Учуп чыккан өрдөк, каз, / Түк бирөөнү куткарбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Күңгүрөнүп кылдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →