доола
- Акысын, карызын, аласасын ж.б. суроо, доосун талап кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коктукаттан кол тартып, / Койбой элди чубатып, / Кененимден доо доолап, / Чиктейдин кунун алмакпы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Хан болбой катып калгыр!–деп, / Ушуну доолайт малым, – деп, / Артынан келген чабаган, / Чокуга чаап таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алыпсың жылкым кана — деп, / Хан Коңурбай дооласа, / Жылында алман берем — деп, / Баскан мөөрү бар эле, / Айтабыз алтын кана — деп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Алыста жүрсө күн доолап, / Арка болчу бектери, / Талабына калмактар, / Такыр бүгүн жеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →