доо

китептерде 35 жолу, 9 китепте
  1. Бирөөнүн мойнундагы бербей, төлөнбөй жүргөн карыз, аласа, өндүрүп алууну талап кылган акы.
  2. Айып, доомат.
  3. Шек, залал, зыян.
  4. Чыр-чатак, арыздашуу, талаш-тартыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жакшы жаман кеп чыкпай, / Жалдырашып оозунан, / Кеп айттырып Калдыкка, / Өз атасы Турмайлык, / Чоң атасы Доосунан, / Ошондо айтты Бетирке: / — Хан кылганбыз баарыбыз, / Карыңыздан жаныңыз, / Калганды камап олтурбай, / Айланы таба салыңыз, / Баш бурбайбыз баарыбыз, / Көөдөндө турса жаныбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колдору күйүп бырышты, / Доо кетип билек тарамыш, / Ичин карай тырышты, / Билгени жок торгой кыз, / Мынчалык болгон жумушту, / Колу күйсө шыркырап, / Эми кандай болот, деп, / Беттешип тург… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коктукаттан кол тартып, / Койбой элди чубатып, / Кененимден доо доолап, / Чиктейдин кунун алмакпы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жанжүң менен Дуудусту, / Чытыр-мытыр Доотайы, / Чытыраган кытайы, / Көпчүлүктүн басылбайт, / Ойун-күлкү чуу-чуусу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир көргөндө айралат, / Амалың канча барыңды, / Алданганда Тапан хан, / Сейит менен касташып, / Арылгыс доого чалынды, / Айтканды кабыл алыптыр, / Акылдан азган Тапан хан, / Алайып тиктеп калыптыр: / — Желдеттер төртөөң кел, — деди, / Ооруктагы бектерге, / Менден кабар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →