долулан

китептерде 1 жолу
  1. Албууттануу, бейжайлануу, ачуусу келип буркан-шаркан түшүү, долулугун карматуу.
  2. өт. Катуулоо, күчөө, күчөп кирүү, бууракандоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Кан Манас койгон суроого, / Кадим тээден жергелеп, / Жердин сырын бүт билген, / Карт Кошой айтат мындай деп: / — Ушул турган жерибиз, / Тыргоот деген элибиз, / Долуланса бүктөчү, / Дөөлөс эле эрибиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →